Бишкекте 18 жаштагы жигит кызды зордуктоого аракет жасап жатканда колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 28-октябрь күнү саат 18:00 чамасында милицияга “Жаш Гвардия бульварында бир мырза күч колдонуп, жаш кызды зордуктоого аракет кылууда” деген билдирүү түшкөн. Аталган жерге укук коргоо кызматкерлери барып, А.К. аттуу 18 жаштагы бишкектик баланы кармашты. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.