№50-түзөтүү колониясынан качкан кылмышкерлер боюнча маалымат үчүн Ички иштер министрлиги тарабынан 1 миллион сом сыйлыктын берилер-берилбеси азырынча белгисиз бойдон калууда.
ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов бул маселе боюнча толук маалыматты SUPER.KG порталына дүйшөмбү күнү 2-ноябрда берерин убадалады. "Аталган сыйлыкты тапшырууну ИИМдин атайын комиссиясы чечет",- деди Сейитов.
Айта кетсек, 28-октябрда маалымат жыйынында тирүү кармалган Эдил Абдрахмановдун атасы Алимжан Абдрахманов уулун милицияга өзү карматканын айткан.