4-9-ноябрь аралыгында Бишкектин бир катар спорттук базаларында мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин спартакиадасы орун алат. Анда жалпысынан 12 спорт түрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, медалдар жана дипломдор менен сыйланышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш программасына армрестлинг (кол күрөш), бильярд, волейбол, гиря көтөрүү, дартс, кичи футбол, жеңил атлетика, стол тенниси, ок атуу, тогуз коргоол, шахмат жана аркан тартыш сыяктуу спорт түрлөрү киргизилген.
Мелдеш мамлекеттик кызматкерлердин спорт менен машыгуусуна шарт түзүү, спортту жайылтуу максатында уюштурулууда.
Жеңүүчүлөр 2 тайпада аныкталат:
1. Укук коргоо органдарынын жана күч органдарынын кызматкерлери;
2. Күч органдарына тиешеси жок мамлекеттик органдар.