Спорт агенттигинин башчылары Нарындагы спорттун абалы менен таанышышты

28-29-октябрь күндөрү Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров, мекеменин статс-катчысы Нуржан Бардинова жана массалык спортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Канатбек Арпачиев Нарын облусунда болуп, бул аймактагы спорттун абалы менен таанышышты. Бул тууралуу аталган агенттиктен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, делегация Нарын шаарындагы, Ат-Башыдагы жана Кочкор районундагы спорттук объектилердин абалы менен таанышты. Сапардын максаты бөлүнгөн каражаттардын жана башка ресурстардын канчалык деңгээлде жөндүү колдонулуп жатканына көз салуу эле. Ш.Бакиров аймактардагы маселелерди жеринен чечүү керек экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adel2015
2015-10-30 23:31:58
Майлуусуу шаарын унутуп эле коюшту!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан