Орусиянын Москва шаарында орус кызды түн ичинде үйүнүн астынан зордуктап кеткен кыргыз жараны кармалды. Орусиянын маалымат каржаттарынын маалыматына таянсак, окуя Москва шаарынын түндүк-батыш тарабындагы Планерная деген көчөдө 28-октябрда түнкү саат 3:00 чамасында болгон.
Белгилүү болгондой, 32 жаштагы кыргыз жараны алгач кафелердин биринен мас абалда чыгып, 26 жаштагы Ольга аттуу кыздын метродон чыгып, жалгыз бара жатканын көргөн. Анын артынан түшүп, көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанына келгенде күч колдонуу менен аны зордуктаган. Ошондой эле кыз жардам сурап кыйкырганда ур-тепкиге алган. Андан кийин уюлдук телефонун, банктык картасын, үйүнүн ачкычын алып кетип калган.
Кыздын жардам сурап кыйкырганын уккан тургундар "Тез жардам" кызматын жана полиция чакырышкан, ал ошол замат ооруканага жеткирилген. Сабоо учурунда кыздын жаак сөөгү жана мурду сынган.
Полиция издөөнүн жыйынтыгында ал жигит мас абалда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдындагы видеобайкоого түшүп калганын көрүп, анын негизинде колго түшүрүп, кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Сурак учурунда кармалган кыргыз жараны эркин күрөш боюнча спорт чебери экенин жана үй-бүлөлүү экенин айткан. Ошондой эле Москва шаарына келгенине эки апта болгонун билдирген. Ага чейин Москванын чет тарабындагы райондордо курулуш тармагында иштеп келген.