Бүгүн, 31-октябрда эртең менен 217 жүргүнчүсү бар Шарм-эш-Шейх - Санкт-Петербург каттамы аркылуу абага көтөрүлгөн Орусия учагы дайынсыз жоголгон. Жоголгон учактын сыныктары Египеттеги Синай жарым аралынан табылганын Египет бийлиги тастыктоодо. Египеттин коопсуздук кызматы учак кыйроого кабылган жайды учурда курчоого алып, ага жакын жайгашкан Эль-Ариш шаарынан 20 "Тез жардам" унаасын тартты.
Буга чейин кабарлангандай, Шарм-эш-Шейх - Санкт-Петербург каттамы аркылуу учак абага жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:51де көтөрүлгөндөн кийин 07:14тө байланыш үзүлгөн. Учак ичинде 217 жүргүнчүдөн сырткары 7 экипаж мүчөсү бар болгон.