Египетте кулаган Орусия учагынан 5 жаш баланын сөөгү табылды

Бүгүн, 31-октябрда 217 жүргүнчүсү менен Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарынан Санкт-Петербургга сапар тарткан Орусия учагы Египеттеги Синай жарым аралына кулаган. Учурда Египеттин куткаруу тобу учак кыйраган аймактан 5 жаш баланын сөөгү табылганын чет элдик маалымат каражаттарына билдирди. Учакта жалпы 17 жаш бала болгон. Учурда куткаруу иштери улантылууда.

Буга чейин кабарлангандай, Шарм-эш-Шейх - Санкт-Петербург каттамы аркылуу учак абага жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:51де көтөрүлгөндөн кийин кайра 07:14тө байланыш үзүлгөн. Учак ичинде 217 жүргүнчүдөн сырткары 7 экипаж мүчөсү бар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Miraida2012
2015-10-31 17:19:49
Аллахым боодо кырсыктан озу сактасын!
+8
naimka_jaz
2015-10-31 19:04:26
Жаман экен менин тайкем да 2 октябрь куну Афганистанда учактан жарылып соогун 28де алып жерге бердик.Кийимдерин алып кучактап эле отуруп калдык. Жаркылдап эле келип кеткен жакында эле.
+3
Take_men
2015-10-31 21:14:31
naimka_jaz, Арты кайырлуу болсун. Таякен военный беле?
+1
naimka_jaz
2015-11-01 00:08:27
Take_men, Американын базасында контрак менен иштеп келген 5жылдан бери.
+2
naimka_jaz
2015-10-31 19:08:57
Соз менен жеткире албайт экенсин куйутту.
+4
33SUUN
2015-10-31 19:50:34
naimka_jaz, ажал ар бирибиздин башыбызда бар.Сиздерге,жакындарына сабырдуулук берсин кудай.
+4
KYRGYZJERI
2015-10-31 19:56:15
Аябай жаман болду, эс алуудан келе атышса керек.
общий 100 киши табылды ичинде 17 жаш бала чыкты деп берип атат.
абдан куйуттуу, жандары Жаннаттан болсун
+6
akus
2015-10-31 21:22:01
ХХХ ХХХ ислам мамлекетиндеги согушчандар атышыптырго кудай сактасын
+1
admin_portal
2015-11-02 16:11:00
akus - 3 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.
0
aikol87
2015-10-31 21:46:27
Ушундайларды угуп самолётко чыккандан корком.
+4
mega777
2015-10-31 23:30:56
Жалпы 224киши олду дейт,кандай шумдук(Бир лайнерден тируу киши калган эмес.Олгондордун аты-жонун тизмектеп теледен корсотту.Бир уй-булоодон учтон адамдар да бар экен.Жакындарына кайрат берсин.Путин ар бир жакынын жоготкон уй-булого миллион рублдан жардам корсотом десе авиа страховка ар бир жургунчуго 2миллиондон компенсация толоп беребиз дептир.Акча менен жоготуу куйутун баса алмак беле.Ошентсе да жардам берип,конул болуп койгонуна раазы болосун.
+4
mega777
2015-10-31 23:33:51
Ушундай боодо кырсыктан Кудай сактасын.Негедир самалетко отурганда алдын-ала келме айтып кадимкидей даярданып алам.Не бар не жок дегендей.Кудай сактасын бирок самалеттон шанс азыраак.
+5
uulay
2015-11-01 00:54:23
Ээ Алла боодо кырсыгынан сактасын. Жакындарына сабыр берсин.
+3
Miraida2012
2015-11-01 12:13:34
Окуп алып журогум езилип кетти баарынын бейишин берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан