Бүгүн, 31-октябрда Бишкекте футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын акыркы турунда 3 оюн орун алды. Бул оюндардын ичинен "Дордой" менен "Ала-Тоо" командаларынын оюну гана мелдеш жадыбалына өзгөртүү киргизмек эмес. Калган 2 оюндун жыйынтыгы менен 3-орундун ээси аныкталмак.
3-орун үчүн күрөшүп жаткан "Алга" клубу конокто "Алай" менен ойноду. Жыйынтыгында утулуп калып, мелдештин коло медалынан куру калды. Ал эми "Абдыш-Ата" бул күнү жеңишке жетишип, байгелүү 3-орунду камсыздай алды.
31-октябрдагы оюндардын жыйынтыгы:
"Дордой" - "Ала-Тоо" - 2:0
"Абдыш-Ата" - "Кейжи Юнайтед" - 4:0
"Алай" - "Алга" - 2:1
Назарыңыздарга "Абдыш-Ата" жана "Кейжи Юнайтед" командаларынын оюнунан фоторепортажды койдук.