Жарандар мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды укук коргоо органдарына тапшырып жатышат

Жарандар мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарын милицияга активдүү өткөрүшүүдө. Муну бүгүн, 2-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 30-октябрь күнү “Арсенал” аттуу рейддин жүрүшүндө Талас облусунун Жон-Арык айылынын 32 жаштагы тургуну Калашников автоматынын 5,45 миллиметрлик калибрдеги 21 огун тапшырган.

Ошол эле күнү Жайыл районунун 42 жаштагы жашоочусу 16-калибрдеги ок атуучу куралын тапшырган. Ушундай эле курал тапшыруу Сокулук районунда болгон. Анда 22 жаштагы М.А. аттуу жаран Чоң Чүй каналынын жанынан таап алган мылтыгын укук коргоо органдарына алып келип берген.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды өз алдынча тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
balapan
2015-11-02 16:13:32
Ош жана Жалалабат шаарларында, жакынкы райондорунда ушул сыяктуу же балким бундан кучтуроок рейд жургузулсо ар бир уйдон курал жарак чыгышы анык озгочо озбек улуттарынан.
+2
shailoo2015
2015-11-03 18:06:10
Жалал-Абадка келип ушул жакта рейд кылгыла аружиянын баары бизде, Дагы согуш болуп кетсе иштетебиз деп отурушат. Көбүнчө өзбек туугандарда болсо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан