28-31-октябрь аралыгында Сербияда кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Мелдеште лоу-кик, кик-лайт жана К1 түрлөрүнөн жеңүүчүлөр аныкталды. Биринчиликте кыргыз кикбоксчусу Уланбек Касымбеков лоу-кик түрүнөн рингге чыгып, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, спортчу 54 килограмм салмакта күчүн сынаган. Финалдык беттеште ал марокколук Иссама Баугадира менен кез келип, упай катыштыгында жеңишке жетишти.