Футбол боюнча улуттук кураманын өкүлү, жарым коргоочу Эдгар Бернхардт Таиланддын Биринчи Лигасындагы алгачкы голун киргизди. Эсиңиздерде болсо, футболчу ушул жылдын июль айынан тарта "Prachuap" клубунда ойноп келет.
31-октябрда аталган клуб биринчилик алкагында "Бангкок" клубу менен беттешип, 2:0 эсебинде утту. Оюндагы экинчи голду Эдгар Бернхард киргизди. Бул жеңиш менен "Prachuap" клубу 7-орунга көтөрүлдү.