Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарынын №50-орто мектебинде окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Мелдеш окуучулар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө жана Кыргыз Республикасынын Спартакидасына катышуу үчүн шаардын курама командасын тандоо, окуучуларды спортко тартуу максатында уюштурулууда.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, иш-чарага дене тарбия мугалимдери, мектептерден бирден команда, окуучулар жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү да катышууда. Кыздар арасындагы биринчилик 3-ноябрда №52-мектепте уланат.