КРнын Өспүрүмдөр курамасынын өкүлү Сыргаболот Орозбек уулу Түркиянын "Гүрпинар" футболдук клубунун академиясына кабыл алынды. Чабуулчу катары ойноп келген футболчу 31-октябрда Түркияга жөнөп кетти.
Маалым болгондой, Сыргаболот буга чейин аталган клубдун кароосунда болгон. Андан соң клуб өкүлдөрү атайын чакыруу жиберишкен. Оюнчуга 1 айдан кийин атайын лицензия ачылат.
Кошумчалай кетсек, С.Орозбек уулу 2000-жылы туулган. Ал 2013-жылга чейин "Токтогул" футболдук клубунда ойноп келсе, акыркы 2 жылда "Абдыш-Ата" клубунда ойноп келе жаткан. Ошондой эле 2015-жылы түзүлгөн өспүрүмдөр курамасына чакырылып, Бишкекте өткөн өспүрүмдөрдүн Азия чемпиондугунун тандоо турунда ойногон.