Балыкчыда катуу шамалдын кесепетинен бир катар турак жайлардын чатырлары жабыркады

Бүгүн, 2-ноябрда Балыкчы шаарында катуу шамалдын кесепетинен бир катар турак жайлар жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Балыкчыда бүгүн түнкү саат 03:50дөн баштап катуу шамал болуп жатат, ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жетүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, шамалдын кесепетинен 4 орто мектептин, 1 колледждин жана 2 турак жайдын чатырлары жабыркаган. Учурда министрликтин алдындагы комиссия тактоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
B.B.Sadykov
2015-11-02 17:53:14
Неге бекем курулган мектеп мамлекеттик имараттар эле бузула берет, тилсиз жоодон. эл эптеп эле салып койсо дагы тура берет.
+1
guju9389
2015-11-02 18:07:44
шамалда тилсиз жоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан