Бүгүн, 3-ноябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын быйылкы сезонунун алкагындагы акыркы беттеш орун алат. Анда бишкектик "Кейжи Юнайтед" менен "Ала-Тоо" клубдары кез келишет. Бул командалардын ортосундагы оюн мелдеш жадыбалына эч кандай өзгөртүү киргизбейт. Болгону, командалар октябрда ойнолчу оюнду ушул күнгө жылдырышкан.
Кошумчалай кетсек, бул клубдар сезондогу эң аз упай топтогон командалар. "Ала-Тоо" клубу 19 оюнда 10 упай топтосо, "Кейжи Юнайтед" 19 оюнда 4 упайга ээ болгон.
“Кейжи Юнайтед” (Бишкек) – “Ала-Тоо” (Нарын)
Башталышы: 13:30
Стадион: Бишкек шаары, Футбол борбору
Мелдеш жадыбалы: