Улуттук курамдын оюнчулары жана өспүрүм футболчулар балдар үйүндө болушту

Бүгүн, 2-ноябрда улуттук курамдын жана өспүрүмдөр курамасынын футболчулары Дүлөй-дудук балдардын республикалык мектеп-интернатында болуп, белектерди тапшырышты. Футболчулардын маанилүү мелдештердин алдында ушундай жайларга барып, балдар менен баарлашуусу салтка айланган көрүнүш. Бул жолу футболчулар тиричиликке керектүү нерселерден тышкары балдарга топ белек кылышты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, анда улуттук курамдын тумары болуп эсептелген Ак шумкар оюнчуларды коштоп жүрдү. Улуттук курамдын жарым коргоочусу Фархат Мусабеков менен өспүрүмдөр курамасынын чабуулчусу Орозбек Тимур уулу топ менен балдарга өнөрлөрүн көрсөтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Urmat-1989
2015-11-02 19:43:17
жакшы жакшы азаматтар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан