Футболчуларыбыз Австралия жана Иорданияга каршы оюндарга карата даярдыкты башташты

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда улуттук курам 12-ноябрда Австралия менен конокто, 17-ноябрда Иордания менен Бишкекте беттешет. Бул оюндарга карата улуттук курам даярдыгын баштады. КРнын Футбол федерациясы кабарлагандай, машыгуу сбору Бишкекте өтүп жатат.

Кошумчалай кетсек, буга чейин башкы машыктыруучу Александр Крестинин Австралия жана Иордания менен болчу оюндарга карата кеңейтилген курамды жарыялаган. Анда оюнга даярдык көрчү 34 футболчу чакырылган. Машыгуу сборунун жыйынтыгында 23 футболчу иргелип алынмакчы.

Курам төмөнкүчө:

Дарбазачылар:

Матяш Павел ("Maziya Sports", Мальдив аралдары), Кашуба Валерий ("Худжанд", Тажикстан), Агапов Максим, Зинченко Максим (экөө тең "Дордой"), Амиров Руслан ("Туранспор", Түркия)

Коргоочулар:

Талант Самсалиев, Дениэл Тего, Шерзот Шакиров, Курсан Шератов (баары "Дордой"), Азамат Байматов ("Ситра", Бахрейн), Валерий Кичин ("Тюмень", Орусия), Тамирлан Козубаев ("Гранитас", Литва), Виктор Майер ("SV Meppen", Германия), Акрам Умаров ("Абдыш-Ата"), Юсупов Мустафа ("Ала-Тоо").

Жарым коргоочулар:

Эдгар Бернхард (“Prachuap”, Таиланд), Антон Землянухин ("Раднички" Ниш, Сербия), Бахтияр Дүйшөбеков, Фархат Мусабеков ("Абдыш-Ата"), Амиров Ильдар ("Tуранспор", Түркия), Турсунали Рустамов, Павел Сидоренко ("Алга"), Азиз Сыдыков, Кайрат Жыргалбек уулу, Вадим Харченко, Ислам Шамшиев, Авазбек Откеев, Динмухамед Таалайбеков, Темирбаев Эльхан (баары "Дордой").

Чабуулчулар:

Люкс Виталий ("Нюрнберг-2", Германия), Алмаз Мирзалиев, Дэвид Тетте (баары "Дордой"), Мирлан Мурзаев (“Afjet Afyonspor”, Түркия), Филатов Иван ("Алга").

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
egiz-jigit
2015-11-02 18:46:15
Алгаа
0
Patriot...kg
2015-11-02 19:14:45
КGстан алгаааа!
0
Urmat-1989
2015-11-02 19:41:08
австралияны эптеп утсанар уйдон йорданияны жайласак таджиктер бангладештен утулса во ошондо баары зынк болот
+6
albina2010
2015-11-02 21:48:57
Urmat-1989, кошулам ошондой эле болсун
+1
Alixan-Nookat.2015
2015-11-02 21:32:55
Ийгилик каалайм жигиттер алга!
+1
ArgenMers
2015-11-02 21:46:15
Ээми даярданып жатышабы кеч ко
0
Aviator
2015-11-02 22:23:24
зынкылдаткыла. алга. красавчики
+1
aikol87
2015-11-02 23:30:03
Алга Алга.
0
bolsunalban
2015-11-03 01:58:15
Алга жигиттер!
0
bektursun2010
2015-11-03 17:17:41
уткулачы бир суйунуп алайын.
0
shailoo2015
2015-11-03 17:58:24
bektursun2010,Баарыбыз суйунөлү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан