Бишкекте уурулар кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 20-октябрда саат 21:00 чамасында Чокморов көчөсүндө 25-30 жаштардагы белгисиз адам аялдын баштыгын колунан жулуп качып кеткен. Милиция кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе 31 жаштагы жаранды кармашты. Ал Пригородное айылынын тургуну экени аныкталды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Мындан тышкары милицияга Токмок шаарынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, саат 03:00 чамасында Ибраимов көчөсүндө 20-25 жаштардагы адам күч колдонуу менен анын буюмдарын тартып алган. Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Бишкектин жашоочусу кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Тергөө амалдары уланууда.