Бишкекте жыл башынан бери оң рулдуу унаалардын катышуусунда 551 жол кырсыгы катталды, сол рулдуу унаалар 800 кырсыкка туш болгон. Муну бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин Регламент, укуктук маселелер жана укуктук тартип боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева билдирди.
"Оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө, жүргүнчүлөрдү ташууга же дегеле айдоого тыюу салуу керек, анткени биздин өлкөдө жол кыймылы оң жактуу",- деди Жанабаева.
"Бишкек-Ош унаа жолунда оң рулдуу унаалардын катышуусунда жол кырсыктары өтө көп болот. Себеби бир жерден экинчи жерге элди ташыган маршруттук таксилердин көбүнүн түзүлүшү биздин жол эрежелерине туура келбейт. Мунун айынан бир кырсыкта эле 6-7 адам каза табууда",- деди Жанабаева.