№50-СИЗОдон качкан кылмышкерлер тууралуу маалымат бергени үчүн миллион сом сыйлык кимге жана качан берилери айтылбайт

№50-СИЗОдон качкан кылмышкерлердин кайда жүргөнүн айтып бергени үчүн миллион сом сыйлык кимге жана качан берилери - бул жашыруун маалымат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМден билдиришти.

Маалым болгондой, сыйлык берилчү дата жана ким алганы жарыяланбайт. "Сыйлык берүү боюнча тергөө иштери бүтө элек. ИИМдин атайын комиссиясы бул маселени качан карары белгисиз",- дешти мекемеден.

Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп качып кеткен. Булардын ичинен 5 кылмышкер ошол эле түнү МАИ тарабынан колго түшүрүлгөн.
16-октябрда качкын кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн. 20-октябрда кылмышкерлердин экинчиси Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тараптан жок кылынган.
22-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Тоо айыл аймагында Эдил Абдрахманов тирүү кармалган. Ушул эле күнү кечинде Бишкектеги Достук конушунда Алтынбек Итибаев 2 саатка созулган атышуу учурунда ок тийип каза тапкан.
Мындан тышкары аталган абактан качып баратканда кармалгандар: Таалайбек Жуманов, Бакыт Кенжегулов жана Муратбек Жумалиев 21-22-октябрь күндөрү түрмөдө каза болушкан.
Ал эми колониядан качып баратканда кармалган Болот Курбанахунов жана Музаффар Уринов учурда абакта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
aminali
2015-11-03 14:33:15
Туура, айтпай бериш керек. Закон Ошондой.
0
tagokg
2015-11-03 14:35:33
кимге берилээри айтылбайт, себеби берилбейт. жакшы экен.)))
+5
elizaerlan
2015-11-03 14:37:15
Туура айтпаш керек баланча токунчо десе аны да олтуруп кетишет
-1
adk
2015-11-03 14:47:45
берилбейт элдерди алдап конуп калган
+1
Er-jurok
2015-11-03 15:17:57
Бироонун олумуно себеп болуп миллион сом алгыча,ачка олтурган жакшыраак.
+1
tuigan.
2015-11-03 15:18:58
Булардын эми суротторун кайра кайра бажырайтып ч ыгара бериштин кереги барбы??адамдын журогун тушуруп
+5
Holerik10
2015-11-03 15:21:22
Миллион олуп кетсин неге онолордун баары кулуп суротко тушкон кызык
+3
Er-jurok
2015-11-03 15:23:23
Holerik10, булардын бир да куноосу далилденбептир кызык жери.
-4
Bereke10
2015-11-03 16:40:58
Holerik10, суротко тушкондо кулуп тушсо жакшынакай болуп корунот да ошого :-) же фотограф "суротко тартыватааам жылмайабыз" десе керек да :-)
+1
Marat-m
2015-11-03 16:26:19
Эч качан бербейт менин оюмча
эшек ылайдан отту деген макал бар
эч нерсе далилденбей калып кетип
жатат ушу ишти аягына чыгарып элге
толук жеткирип койсо болот эле
+2
Bereke10
2015-11-03 16:34:41
Таалайбек Жуманов, Бакыт Кенжегулов жана Муратбек Жумалиев 21-22-октябрь күндөрү түрмөдө каза болушкан. Учоо суйлошуп алышкандай 21-22-октябрда олгондору кызык го. Эмне самоубийствобу?

Кебетелеринин сууктугун. Фуу сакалдары жийиркеничтуу.Чын эле суротторун чыгарбай эле койгулачы,кыжырды кайнатпай.
0
Er-jurok
2015-11-03 16:48:26
Bereke10, сиздин суротту да бир жуктонузчу салыштырайлы.
+4
Erkin.89
2015-11-03 16:53:56
Милион бербеседа кичине берип койсо болмок ачык эле өлгөндөр өлдү камалганы камалдыго дегендей
0
Aiko_92_29_08
2015-11-03 17:00:50
Берип жинди болдунар беле силер ха ха. Жаш баланы алдагандай алдайсынар,мен лично ишенген эмесмин уяты жок тугонуп бутконсунор тфу тфу силерге
+2
behappy74
2015-11-03 17:17:29
Окуп олтурсан ал темага деле бул темага деле кандай жазылган тема болбосун тескерисин жазып, тескерилеп, кейрендеп,онду да тескериге буруп кераяктанган комментчилер бар ай. Буларга эмне жагат болду экен деп тан каласын. Же атайы тескерилегенди жактырышабы? Мамлекеттин иши айтабы айтпайбы кимдин канча иши бар чындаса.
+4
aash
2015-11-03 19:24:45
behappy74,Ак соз. Кошулам.
-1
basyz-kaman.
2015-11-03 19:50:14
behappy74, Ушуну туура айттын, айрыкча акыркы убактарда бир экоону байкап калдым, кандай гана тема болбосун тетири жагын жазып журушот. Кыргызстанда тынчтык орнобой эле тополон чыгышын каалаган адамдарбы деп да ойлоп калдым.
-1
nazi25
2015-11-03 18:23:10
Давай досвидания уже.БЕРБЕЙТ.
-1
bema-krao
2015-11-03 18:59:53
Журоктун ушун албай суротторун чыгарбагылачы,Москвада болсомда коркуп калыптырмын,кундузда дааратканага бироо менен кирип чыга турган болуп калдым кочого эч чыга албай жатам.
-5
ediko85
2015-11-04 02:04:46
Мвд айткан адамга миллион бербейле Итибаевди олтуромдеп башка адамдарды олтурдунорго ошолордун тууган уругуна балачакасына бергиле (биздин канкор МВД)((((((
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан