Бүгүн, 3-ноябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу – ТОП-Лига расмий түрдө жыйынтыкталды. Мелдештин акыркы күнүндө 6 команданын ичинен акыркы 2 орунду ээлеген 2 команда “Ала-Тоо” менен “Кейжи Юнайтед” өз ара ойноду. Жыйынтыгында “Ала-Тоо” атаандашын 2:1 эсебинде утту.
Чынында, акыркы оюн мелдеш жадыбалына өзгөрүү алып келе алмак эмес, себеби байгелүү 3 орундун ээси эбак белгилүү болгон. SUPER.KG порталы ТОП-Лиганын 2015-жылкы сезонуна сереп салып, андагы урунттуу учурларга, ар бир команданын артыкчылыгына жана жетишкендигине токтолмокчу. Алгач өлкө чемпиондугунун мелдеш жадыбалына жана бомбардирлер тизмесине көз салып коёлу.
Быйыл өлкө биринчилигине 6 команда катышты. Мелдеш 4 айлампага созулуп, ар бир команда башка атаандаштары менен сезон алкагында 4 жолудан ойноп чыкты. Жыйынтыгында топтогон упайлардын негизинде алдынкы 3-орунду “Алай”, “Дордой” жана “Абдыш-Ата” командалары ээлешти.
Байгелүү орун ээлери
Бомбардирлер жарышында Мирлан Мурзаев “чү” дегенде эле 15 гол жаратып, сезондо 30дан ашык гол жаратчудай таасир калтырган. Бирок чабуулчу адаттагыдай өлкө чемпиондугу аягына чыкканча ойногон. Ал августтун башында Түркиянын 4-Лигасындагы “Afjet Afyonspor” клубуна өттү. Эң көп гол жараткан 6 футболчуну назарыңыздарга коёбуз...
Көпчүлүк мелдештин бомбардири чемпион команданын өкүлү болгонун каалашат. Алиа Силла бомбардирлер тизмесин жетектеп, чемпиондук медаль менен катар жеке наамга да ээ болду.
“АЛАЙ” КОМАНДАСЫ МҮМКҮН БОЛГОН 60 УПАЙДАН 50 УПАЙ ТОПТОДУ
Оюндарынын саны: 20/ жеңиштери: 16/ жеңилүүлөрү: 2 / тең чыгуулар: 2
Киргизген голдору: 48/ өткөргөн голдору: 18
“Алай” командасы - Оштогу элдик команда. Бул команданын оюнуна ар бир оюнда көп сандагы күйөрмандар келип, стадиондо “Алай! Алай!” деген сүрөөндү жаңыртышат. Команданын чемпион болуусу күйөрмандардын талабынын жогору болгону, курамдын өткөн сезондогуга салыштырмалуу бир топ өзгөргөнү менен байланыштуу. Ошондой эле команда сезондо мүмкүн болгон 60 упайдан 50 упай алып, 10 гана упай жоготту. Бул да болсо команданын чемпиондуктагы башкы атаандаштарына каршы мыкты даярдыкта майданга чыгып, аягына чейин ойноого аракет кылып жатканы менен байланыштуу.
“ДОРДОЙ” ЧЕЧҮҮЧҮ МЕЗГИЛДЕ 8 УПАЙ ЖОГОТУП, ЧЕМПИОНДУКТАН КУРУ КАЛДЫ
Оюндарынын саны: 20/ жеңиштери: 13/ жеңилүүлөрү: 3 / тең чыгуулар: 4
Киргизген голдору: 60/ өткөргөн голдору: 23
“Дордой” сезонду өтө күчтүү курам менен баштаган. Башта команданын башкы курамына кирүү белгилүү футболчулар үчүн да кыйынчылык жаратканын айтпасак болбойт, бирок “Дордойдун” чемпиондук курамы көпкө сакталган жок. Былтыр бомбардир болгон Калимулланын артынан Мирлан Мурзаев, Азамат Байматов сыяктуу лидерлер чет өлкөгө ойноого жөнөп кетишти. Команда бул өзгөрүүлөрдөн улам упай жоготууга мажбур болду. Мисалы, чечүүчү мезгилде “Абдыш-Атага” 2 ирет, “Алгага” 1 ирет утулуп, команда чемпиондуктагы атаандашынан 8 упайга артта калды. Эгерде ушул 3 оюнду утканда киргизген голдордун эсебинен “Алайды” артка калтыруу мүмкүнчүлүгү бар эле.
“АБДЫШ-АТА” ЛИДЕРЛЕРДИН ТАГДЫРЫН ЧЕЧТИ
Оюндарынын саны: 20/ жеңиштери: 9/ жеңилүүлөрү: 5 / тең чыгуулар: 6
Киргизген голдору: 24/ өткөргөн голдору: 14
Канттыктардын статистикасына үңүлсөк, “Абдыш-Ата” алдынкы 4-орунду ээлеген командалардын ичинен эң аз гол киргизген, эң көп тең чыккан команда. “Абдыш-Ата” быйыл чемпиондук жарыштан эрте четтеп калганы менен, сезондун аягына чейин маанилүү оюндарды ойноду. Команда алгач “Дордойду” 2 ирет утуп, мелдештеги чемпион “Алайдын” тагдырын чечти. Мирлан Эшеновдун шакирттери өз тагдырларын акыркы турда гана чечишти. Буга чейин алар 3-орун үчүн “Алга” клубу менен жарышып келишкен.
“АЛГА” ТАТЫКТУУ ОЙНОДУ, БИРОК БАЙГЕ АЛБАЙ КАЛДЫ
Оюндарынын саны: 20/ жеңиштери: 8/ жеңилүүлөрү: 6 / тең чыгуулар: 6
Киргизген голдору: 32/ өткөргөн голдору: 18
Бишкектик “Алга” менен ойноп, ТОП-Лиганын командалары топ упайларын жоготушту. Муну команданын 6 тең чыгуусунан байкоого болот. “Алга” башынан эле чемпиондук үчүн күрөшкөн эмес. Команданын мелдештин акыркы айлампасында 3-орун үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүгү туулду, бирок футболчулар чечүүчү оюнда “Алайга” утулуп, байгелүү орундан куру калышты. Албетте, “Алай” менен “Дордойдун” чемпиондук жарышында “Алайдын” тийгизген таасири зор, анткени “Дордой” өз үйүндө дал ушул клубга утулуп (1:2 эсебинде) калган соң чемпиондук жарыш токтогон.
“АЛА-ТОО” КЛУБУ "ДОРДОЙГО" ЖАРДАМ БЕРЕ АЛГАН ЖОК
Оюндарынын саны: 20/ жеңиштери: 4/ жеңилүүлөрү: 15 / тең чыгуулар: 1
Киргизген голдору: 17/ өткөргөн голдору: 42
“Ала-Тоо” командасы - жеңилүү эмне экенин жакшы билген, бирок көп учурда жеңиш даамын татпаган команда. Бул клуб эч качан чемпиондукту максат кылган эмес. Команданын башкы милдети - “Дордойдун” чемпион болуусуна көмөк көрсөтүү. 1 кожоюнга таандык бул 2 клуб ортосундагы саясат ушундай. “Ала-Тоодо” тажрыйба алып, өз күчүн далилдеген оюнчулар “Дордойго” чакырылат. “Ала-Тоо” бул сезондо "дордойчулардын" башкы атаандаштарына көп утулуп, мелдеш жадыбылына көп өзгөрүү алып келе алган жок.
“КЕЙЖИ ЮНАЙТЕД” СЕЗОНДО 18 ИРЕТ ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗАСЫН ТАРТТЫ
Оюндарынын саны: 20/ жеңиштери: 1/ жеңилүүлөрү: 18 / тең чыгуулар: 1
Киргизген голдору: 15/ өткөргөн голдору: 82
“Кейжи Юнайтед” быйыл ТОП-Лигадагы 3 упай берүүчү терминалдын ролун аткарды. Тактап айтканда, ал бардык атаандаштарына утулуу менен каршылаштарга 3 упайдан ыроолоп жатты. Киргизген голдорго караганда өткөргөн голдор, жеңишке караганда жеңилүү, упайга караганда оюн саны көп болуп, бул команда акыркы орунду ээледи. Ошондой эле бул команда айрым бомбардирлер үчүн таамай бута болуп берет.