Коррупциялык схемалар боюнча айыпталып 3 жыл мурун тергөө абагына киргизилген Алмаз Абеков ачкачылык жарыялады

Коррупциялык схемалар боюнча айыпталып 3 жыл мурун УКМКнын тергөө абагына киргизилген Алмаз Абеков ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын жактоочусу Абаз Мамбетакунов бүгүн, 3-ноябрдагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, айыпталуучунун шайлоого катышуу боюнча конституциялык укугу бузулган. "Абеков Алмаз Бишкек шаардык сотунун судьялары С.Бранчаева жана И.Вороноцовага кайрылган. Аларга "паспортумду бергиле, биометрикалык маалыматымды тапшырайын" деген, бирок жооп болгон эмес. Ачкачылык жарыялаганда прокуратуранын өкүлү келип "силердин Соттор кеңешине кайрылганга укугуңар бар" деген. Эмне үчүн процессуалдык чечим кабыл албайт? Башкы прокурордун сотторго карата кылмыш ишин козгонго укугу бар, бирок козгобой жатат. Эмне үчүн А.Абеков добуш бере албай калды? Соттор ыйгарым укуктарынан пайдаланып Абековго добуш бергенге тоскоолдук кылганы үчүн жооп бериши керек. Бүгүндөн баштап А.Абеков ачкачылык жарыялап, эч кандай тамак ичпей жатат",- деди жактоочу.

Эске салсак, 2012-жылы январда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Альфа Телеком" жабык акционердик коомундагы коррупциялык схемалар тууралуу айтып, чыгым 142 миллион сом экенин билдирген. Ошол эле жылдын май айында уюлдук компаниядан дагы 6 миллион доллар каражат оффшордук зонага кеткени маалымдалган. Азыркы тапта коррупциялык схемалар боюнча айыпталган компаниянын башкы директору Азамат Мурзалиев айрым жактардын калкалоосунун астында болсо, "Новострой Сервис" ишканасынын башчысы Аман уулу Кенжебек үй камагына чыгарылган. Ал эми башкы директордун кеңешчиси Алмазбек Абеков УКМКнын тергөө абагында жатат. Алар "алдамчылык", "коммерциялык уюмдарда иштегендердин ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануусу" беренелери менен айыпталышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө А.Абековго коррупциялык схемалардын башкы уюштуруучусу катары айып тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
behappy74
2015-11-03 16:31:51
Туура кылган шайлоо укугунан ажыпатып, кекиртеги керинейдей болгон жеп ичкич экен озуно окшогон дагы бир шумпайды шайлайт эле да бул.Афиристтер уялбай калган заман болгон экен кайра коркутуп атканын кара
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан