"Кейжи Юнайтед" - "Ала-Тоо" - 1:2
Голдор: Ражапов (70-мүнөттө) - Ырысбек уулу (12-мүнөттө), Сагынбаев (78-мүнөттө)
Бүгүн, 3-ноябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 2015-жылкы сезону жыйынтыкталды. Бул күнү мелдеш жадыбалында эң акыркы 2 орунду ээлеп турган "Ала-Тоо" жана "Кейжи Юнайтед" командалары өз ара ойношту. Жыйынтыгында 2:1 эсебинде "ала-тоолуктар" жеңишке жетишти.
Кошумчалай кетсек, быйыл өлкө чемпиондугунда "Алай" командасы мөөнөтүнөн мурун чемпион аталган. 2-орунду "Дордой" командасы ээлесе, 3-орунду "Абдыш-Ата" клубу багындырды.
Мелдеш жадыбалы: