Кыргыз кикбоксчулары Сербиядагы Дүйнө чемпиондугунан 1 алтын, 2 күмүш медаль менен кайтышты

28-31-октябрь аралыгында Сербияда кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Мелдеште лоу-кик, кик-лайт жана К1 түрлөрүнөн жеңүүчүлөр аныкталды. Кыргыз мамлекетинин желеги астында мелдешке 15 спортчу катышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мелдеште кыргыз спортчулары 1 алтын, 2 күмүш медалга ээ болушту. Атап айтсак, Уланбек Касымбеков лоу-кик түрүнөн 54 килограмм салмакта алтын тагынган. Ал эми 57 килограмм салмакта Авазбек Аманбеков финалда орусиялык спортчуга утулуп, күмүш медаль тагынды. Дагы бир медалды өлкө капчыгына Рустам Ибрагимов алып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
shailoo2015
2015-11-03 17:54:27
Жарайсыңар жигиттер, АЛГА
+4
aidai88
2015-11-03 19:03:34
Кут болсун... кут болсууун!!! Ийгилик
+3
Abdyrashit.Satylganov
2015-11-04 05:42:02
Алга Кыргызстан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан