Караколдо шлакоблоктон тургузулган тосмо кулап, 39 жаштагы аялды басып калды, айымдын буту сынды

3-ноябрда саат 15:40 чамасында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында короодогу шлакоблоктон тургузулган тосмо кулады. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тосмо кулап, 1976-жылы туулган аялды басып калган. Куткаруучулар аны алып чыгып, "Тез жардам" кызматкерлерине тапшырышкан. Дарыгерлер жабырлануучунун буту сынганын аныкташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Elime
2015-11-04 09:20:28
Кудай сактаптыр.
+1
Miraida2012
2015-11-04 17:05:32
Жакшы болуп кетсин, Аллахым шыпаасын берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан