Бишкекте “унаанын ичинен уюлдук телефон уурдады” деген шек менен 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына борбор калаанын Жал кичи районунун жашоочусу арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2-ноябрь күнү саат 19:00 чамасында Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн жанына токтотулган Мицубиси үлгүсүндөгү унаасынан белгисиз адамдар 8 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кетишкен.
Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен бул кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 26 жаштагы С.Дамир аттуу тургуну кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери уланууда.