Кыргыз бильярдчылары Азиз Мадаминов менен Бексултан Чойбеков 4-8-ноябрь аралыгында Москвада өтүүчү “Кремль Кубогу” Эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мелдеш бильярддын “кураштырма пирамида” түрү боюнча өтөт. Ага Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Молдова, Орусия, Өзбекстан, Украина сыяктуу мамлекеттерден 200дөн ашык спортчу катышары күтүлүүдө.