Орусияда өз мекендештеринен акча которуу үчүн 2 миллион рубль алып, дайынсыз жоголуп, мекенине качып кеткен жигитти кыргыз милициясы издебей жатат

1-ноябрда Орусиянын Ямало-Ненецк автономдук округунун Новый Уренгой шаарындагы ишканалардын биринде 50 чакты мекендешинен "акчаңарды туугандарыңарга которуп берем" деп, жалпысынан 2 миллион рубль чогултуп, банкка кеткен бойдон дайынсыз жоголгон кыргыз жараны Эгемберди Иманбековду издөөнү кыргыз милициясы баштай элек.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, кылмыш Орусиянын аймагында болгондуктан, жабырлануучулар жергиликтүү полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылышы зарыл. "Орусиянын полициясы тарабынан кылмышка шектүү эл аралык издөөгө жарыяланат, андан соң Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлери аны кармаганга укуктуу",- дешти мекемеден.

Айта кетсек, кылмышка шектүү Эгемберди Иманбеков мекендештеринин 2 миллион рубль акча каражаты менен 2-ноябрда мекенине учак менен кеткени айтылган. Жабырлануучулардын билдиришинче, ал 1989-жылдын 24-апрелинде туулган. Жашаган дареги: Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылы, Алманбет уулу Ашым көчөсү, 28.
Эгер Эгемберди Иманбековду көргөн-билгендер болсо, +79320542878 номери аркылуу кабарлап коюу зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nur-patriot
2015-11-05 10:16:49
бул бала мекендештерине өзү байланышсын кечирип сурап. Милиция аны издебесе, Супер-инфо издөөгө катуу киришти. Келечегине балта чаппашы үчүн өзү эле акчаны кайтарып берсин. супер-инфо супер.кг күчтүү СМИ
+4
bazarkyl
2015-11-05 10:22:44
Келип өзү кыдырып ата-энелерине өз колу менен берейин деп жаткан чыгар. Бир аз майрамдап, кыдырып дегендей.
+3
M89
2015-11-05 11:53:43
Биздин милицияларга (баарына эмес) ишенуу кыйын. Ал акчанын жарымын берсен сен табылбай журо бересин. Коруп турса да, кормоксон болушат. Тааныш, билими жок, туугандарынын артынан келгендердин баардыгы жогорку кызматтарга байланып отурушат. Окууну бутуп, дипламун алгандар базарда, Москвада тентип журушот.
+4
Izdeim_seni.
2015-11-05 12:56:06
Ой,кудаай,ТАЛАСТА Кара булак деген район жок да,Кок Ой Талас районуна караштуу айыл.
+1
Izdeim_seni.
2015-11-05 12:59:20
Кок Сай Кара Буура районунда,КАРА БУЛАК эмес.
0
Medina87
2015-11-05 13:12:09
Акчаны Кыргызстандан алып Россияга качса анда Кыргызстандын ИИМи чара кормок. Туура Россиянын менттери карайт бул ишти. Бирок, жердешибизге акыл кирип озу аманаттарын таратпаса иш чатак. Канча деген менен озгонун тапканын кулкундан откоруу кыйын го. Тем более, иниси аманатчылар менен бирге иштейт экен.
+1
aidai88
2015-11-05 14:24:29
Medina87, Кыргызтандынмилиция кызматкерлери караш учун арыз жазышы керекго
0
albina2010
2015-11-05 13:50:17
тууган акчаларын кайтарыпбер иш козголсо кеч болот
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан