Ош мэри Айтмамат Кадырбаев 6-ноябрь күнү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаевди жана Багымбай уулу Төрөкан, Имур Жунусов, Сагынбай уулу Баяман сыяктуу спортчуларды кабыл алды.
Мэриядан кабарлашкандай, мэр спортчулардын ийгиликтери шаардын ийгилиги жана сыймыгы экенин айтып, мындан ары спорт жаатында чоң жетишкендиктерди каалады. Жолугушууда спортчулар дүйнөлүк мелдештерде жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып, алдыда шаардын, Кыргыз Республикасынын желегин желбиретип жаңы бийиктиктерди багындырууга аракет кылышарын айтышты.
Кошумчалай кетсек, И.Жунусов Иранда грек-рим күрөшү боюнча өткөн Азия Кубогунда 1-орунду ээлеген (66 кг салмакта). Сагынбай уулу Баяман болсо Таиланддагы дзюдо боюнча өспүрүмдөрдүн Азия чемпиондугунда алтын медаль тагынган. Ал эми Багымбай уулу Төрөкан Анталияда грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалды багынткан.