Футбол боюнча улуттук курама команда Австралияга жөнөп кетти

Бүгүн, 7-ноябрда футбол боюнча улуттук курама команда Австралияга жөнөп кетти. Футболчуларыбыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун 7-тур оюндарынын алкагында 12-ноябрда Австралия курамасы менен беттешет. Беттеш Канберра шаарында өтмөкчү.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, Дубай аркылуу учуп кеткен делегациянын курамында 22 адам бар. Алардын 13ү футболчулар болсо, 9у машыктыруучулар штабынын өкүлдөрү.

Футболчулар: Валерий Кашуба, Талант Самсалиев, Тамирлан Козубаев, Курсанбек Шератов, Турсунали Рустамов, Азиз Сыдыков, Бахтияр Дүйшөбеков, Кайрат Жыргалбек уулу, Эдгар Бернхардт, Ислам Шамшиев, Фархат Мусабеков, Ильдар Амиров, Иван Филатов.

Дагы 6 футболчу улуттук курамга Австралиядан кошулат. Алар: Матяш Павел, Валерий Кичин, Антон Землянухин, Виталий Люкс, Виктор Майер, Азамат Байматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
bekbolot.kg
2015-11-07 16:26:23
Ийгилик каалап кетмекчимин. Жок дегенде 1.0го эле женип келгиле ошол жетет.
+2
kyrgyz.93
2015-11-07 18:23:40
Кудай колдосун силерди жениш менен келгиле
+1
uragan007
2015-11-07 19:18:47
Ийгилик КЫРГЫЗСТАНга. 3 упай менен келесинер буйруса. АЛГА КЫРГЫЗ
+3
begish_13.03
2015-11-07 19:40:48
Админ туз эфир коро алабызбы
+2
Maks_shop
2015-11-07 20:33:25
Алгааа
+2
Guljamal_2116
2015-11-07 20:49:28
Кудай колдосун силерди,женил барып оор келгиле,алтындарды алып.Ийгилик!!!
+2
make2
2015-11-07 20:59:43
Кудай колдоп жеңип келгиле буйруса, бүт кыргызстан силер менен!
+3
kama_future_millioner
2015-11-07 21:29:48
Ийгилик жигиттер жакшы жетишкендиктерди багындыргылаа.Кыргызстан алга
0
Serenada
2015-11-07 21:31:55
Тен ойносонор да жетиштуу бизге,уйго келип иорданияны утсанар ошол чон жениш
+2
Aviator
2015-11-07 22:18:50
красавчиктер. жениш менен кайткыла
+2
rozaida
2015-11-08 05:06:19
Азаматар!!!
+1
bakitbek.87
2015-11-08 08:52:34
Азаматсынар кыргызстанда футбол ээми онуго баштады ийгилик силерге
+1
Ruslan_d
2015-11-08 15:41:59
Алга жигиттер биз силер мененбиз!
+1
Batken97
2015-11-08 17:48:37
Kyrgyzstan Alga Avstraliani jenebiz
0
amanatym
2015-11-10 10:20:17
жениш менен келишсинчи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан