Футзал боюнча өлкөнүн улуттук курама командасы 2016-жылкы Азия чемпиондугунун тандоо турундагы оюндарга карата Бишкекте машыгуу сборун өткөрүүдө. Башкы машыктыруучу Канимет Аралбаев жетектеген курама күнүнө 2 маал машыгуудан өтүп жатат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, кеңейтилген курамда 20 оюнчу бар. Нуржан Жетыбаев, Эмил Канетов, Рустам жана Руслан Ермеков сыяктуу футболчулар курамга 10-ноябрда кошулат. 3 күндүк машыгуу сборунан кийин команда 10-ноябрда Баткен шаары аркылуу Тажикстандын Худжанд шаарына сапар алат. Тандоо туру дал ушул шаарда өтөт.
Кошумчалай кетсек, Худжанд шаарында өтчү тандоо турунда футболчуларыбыз Түркмөнстан, Ооганстан жана Тажикстан командалары менен ойношот. Мелдештин финалдык баскычы 2016-жылы 9-20-февраль аралыгында Ташкент шаарында өтөт.