Непалдын 5 футболчусу "мамлекетке чыккынчылык кылды" деп айыпталып, аларды өмүр бою эркинен ажыратуу каралууда

Непал курамасынын 5 футболчусуна бийлик тарабынан айып тагылды. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, тиешелүү органдар футболчуларды сүйлөшүлгөн оюндарга катышкандыгы үчүн октябрдын ортосунда кармаган.

Өлкөнүн мыйзамында мындай көрүнүштөргө карата тиешелүү мыйзам бар. Мамлекеттин бүтүндүгүнө, баалуулуктарына жана суверенитетине шек келтирилген учурда мыйзам бузган адам өмүр бою эркинен ажыратылат. Футболчулардын сүйлөшүлгөн оюндарга катышканы аныкталса, алардын да өмүр бою эркинен ажыратылары күтүлүүдө.

Айыпталып жаткан футболчуларга токтолсок, курамдын капитаны Сагар Тапа, вице-капитан Сандип Рай, дарбазачы Ритеш Тапа, мурунку коргоочулар Бикаш Сингх Чхетри жана Анжан Кей-Си 14-октябрда кармалышкан. Иш каралып бүткөнгө чейин Непалдын бир дагы улуттук курамасы эл аралык мелдештерге катыша албайт.

Кошумчалай кетсек, бул Непал курамасына байланышкан алгачкы чуу эмес. Буга чейин Непалдын өспүрүмдөр курамасы Бишкекке келип, Азия чемпиондугунун тандоо туруна жолдомо алган. Бирок команданын курамында 16 жаштан жогорку курактагы футболчулар болгонуна байланыштуу команда мелдештен четтетилген. Алардын ордуна өспүрүм курактагы кыргыз футболчулары 2016-жылкы Азия чемпиондугуна катышмай болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
BAYAW-KG
2015-11-09 14:07:44
Мына сагаа... Закон даддилго а?
+3
Mars55
2015-11-09 16:20:58
Ирандын кыз келиндер курамасында эркектер ойногон бул не болуп калыптыр.
0
Quartz
2015-11-09 17:22:47
Tuura ele kylat
0
tursunbaev2004
2015-11-09 20:21:02
Суйлошулгон оюн дегенге тушунбодум?
0
Aduk_aksuu
2015-11-10 12:02:10
tursunbaev2004,эки команда келишип алып еле ойногон оюнду айтат
+1
Danel
2015-11-10 12:27:37
Оз мамылекетин, акчага сатып кеткендер! Демек Непал мамылекетида бизден калышпайт экен, корупциясы боюнча!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан