Футбол боюнча өлкөнүн Биринчи Лигасында “Кара-Балта” конокто “Алдиерди” утуп, чемпиондук наамды камсыздады

Кечээ, 8-ноябрда футбол боюнча өлкөнүн Биринчи Лигасынын абсолюттук чемпиону аныкталды. Өзгөн районунун Куршаб айылында “Б” зонасынын чемпиону “Алдиер” өз үйүндө "А" зонасынын чемпиону "Кара-Балта" клубуна утулуп калды. Бул тууралуу КРнын Футбол Лигасынан кабарлашты.

Маалым болгондой, бул эки команда "өз үйүндө" жана "конокто" системи боюнча эки беттеш өткөрдү. Кара-Балта шаарында өткөн алгачкы беттеште 0:0 эсебиндеги тең чыгуу катталган. Жеңүүчү жооптук оюнда аныкталып, кара-балталыктар 2:0 эсебинде жеңишке жетишишти. Оюндун негизги убактысы 0:0 эсебинде аяктаган соң жеңиш голдору 102-мүнөттө жана 114-мүнөттө киргизилди. Анда Атай Жакыпбаев жана Азамат Өмүралиев айырмаланышты.

Кошумчалай кетсек, "Кара-Балта" 2-ирет катары менен Биринчи Лиганын чемпиону аталды. Өткөн жылы алар "Кара-Шоро" клубун жалпы 12:5 эсебинде утушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
B.B.Sadykov
2015-11-09 19:30:22
Uwul birin4i liganyn klubun top ligaga 4ygaryp al jaktan KGUnitedti bul jakka tuwurup koyso soop ele bolmok
+2
Adel2015
2015-11-09 21:26:23
туура айтасын B.B.Sadykov, .биздикинде бардак а то...Англияныкындай...премьер лига,чемпионшип,футбол лига1,футбол лига2..и.т.д...ушундай кылыш керек..топ лига,анан 1лига,зона А, зона Б деп еле тушунбойсун...сайт ачып койушса болмок спорт жонундо мисалы.
0
RASTAMAN
2015-11-10 03:57:31
Adel2015, sen aitkandai jok degende 1-ligadan 1 komanda kowulsa top ligaga
0
RASTAMAN
2015-11-10 03:56:24
A zonasy tunduk tarap B zonasy tuwtuk okwoit oyumcha... antpese kyrgyzstandy kydyryp oinogongo karajat jetiwpeit okwoit. Bul menin jeke oyum
+1
RASTAMAN
2015-11-10 03:58:39
Anan top liganyn logotibin almawtyryp koiso jakwy bolmok))) paint menen tartkanby deym
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан