Австралиялык футболчулар кыргыз футболчулары менен болчу оюнга кызуу даярдык көрүшүүдө

Футбол боюнча Австралия курамасы 12-ноябрда орун алчу кыргыз футболчуларына каршы беттешке кызуу даярдык көрүүдө. Австралиянын Футбол федерациясынын расмий сайты билдиргендей, футболчулар Канберра шаарында алгачкы машыгуусун өткөрүштү. Анда 15 футболчу катышкан.

Алардын катарынан Мэтью Райан жана Жейсон Девидсон сыяктуу футболчулар жеңил машыгуулардан өтүшсө, Милле Единак, Томми Юрич жана Бейли Райт сыяктуу футболчулар командадан өзүнчө бөлүнүп машыгышты. Жалпысынан Кэйхилл, Муй, Ридсон, Маккей, Миллиган, Оар, Луонго, Тройси, Бьернс, Федеричи жана Алекс Кисак сыяктуу 11 футболчу биргеликте машыкты.

Кошумчалай кетсек, буга чейин кыргыз футболчуларынын машыгуусун назарыңыздарга койгонбуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aidartegin
2015-11-10 09:33:58
Кайсыл жактан туз алып коргозоттт???КИМ билет эл журт
0
M89
2015-11-10 09:59:38
aidartegin, super.kg жуктолот го дейм
0
nurik11-29
2015-11-10 09:58:00
ушул команданы женсе,шанс бар алдыга жылууга..ийгилик ...утту деген кабарды кутовуз))
+4
MIRlan
2015-11-10 13:08:58
Ылайым утулуп калсын Австралия! :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан