Бүгүн, 10-ноябрда Бишкекте кыргыз футболчулары менен Иордания курамасынын беттешине карата билеттер сатыла баштайт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 17-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алчу оюнга карата 6 категориядагы билеттер жасалган. Алардын баалары секторлорго жараша 150 сомдон башталып, 700 сомго чейин жетет.