Футзал боюнча улуттук курама Азия чемпиондугунун тандоо туруна катышуу үчүн Тажикстанга жөнөдү

Футзал боюнча улуттук курама команда Баткен шаары аркылуу Тажикстандын Худжанд шаарына сапар алды. Бул шаарда 2016-жылкы Азия чемпиондугунун тандоо туру өтөт.

КРнын Футбол федерациясы кабарлагандай, футзалчыларыбыз тандоо турунда “A” тайпасына түшүшкөн. Бул тайпада ошондой эле Тажикстан, Түркмөнстан жана Ооганстан курамалары бар. Тандоо турунун алкагындагы оюндар 14-16-ноябрь аралыгында өтөт. Тайпада эң көп упай топтогон 2 команда 2016-жылы Ташкентте (Өзбекстан) өтүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ruslan_d
2015-11-11 11:37:20
Алга жигиттер жакшы оюн корсоткуло менимче силер алардан кучту болсонор керек!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан