Ош облустук прокуратурасы Өзгөн райондук социалдык фонд башкармалыгынын өкүлдөрүнө иш козгоду

Ош облустук прокуратурасы Өзгөн райондук социалдык фонд башкармалыгында коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын текшерди. Текшерүүдө мекеменин башкы эсепчиси жана башка жооптуу адамдар 2014-2015-жылдары тийиштүү мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы жана кызматкерлердин айлыгына кошумча каражаттарды бергени аныкталды.

Мындан тышкары өкмөттүн тийиштүү токтомун бузуу менен Ниссан Икс Трейл үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа сатып алгандыгы белгилүү болду. Зыяндын жалпы суммасы 1 миллион сом деп бааланууда.
Ош облустук прокуратурасы аталган мекеменин кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан