Быйыл өрт кырсыктарынан улам жалпысынан 36 адамдын өмүрү кыйылды, алардын төртөөсү жаш балдар

2015-жылдын биринчи 10 айынын ичинде өлкөнүн аймагында 3384 өрт кырсыгы катталды. Былтыркы жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу быйыл өрт кырсыктарынын саны 9,7 пайызга азыраак. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, быйыл өрт кырсыктарынан улам 36 адам каза тапкан, алардын төртөөсү жаш балдар болгон. "Өрттөн жабыркагандардын саны 46га жетсе, алардын төртөөсү наристе. Салыштырсак, былтыр өрттөрдөн улам 66 адамдын өмүрү кыйылган, алардын үчөөсү наристе болгон. Ал эми 44 адам жабыркап, алардын жетөөсү жаш бала болгон",- деп билдирет мекеме.

Мындан тышкары министрлик быйыл өрт кырсыктарынан келтирилген чыгым 229 миллион сомду түзгөнүн баса белгилеп, 2014-жылы бул көрсөткүч 300 миллион сомго барабар болгонун билдирет.

"Быйыл өрт кырсыктарынан 49 адамдын өмүрү сакталган болсо, 2014-жылы бул көрсөткүч 165ке барабар болгон. Ошондой эле 2015-жылы миллиард сомго жеткен баалуу буюмдар өрттөн сакталган, былтыр бул сумма 1,5 миллиард сомду түзгөн",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2015-11-11 17:12:33
Орттон каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болсун! Тилсиз жоодон Кудай сактасын!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан