Бүгүн, 11-ноябрда кыргыз футболчулары Австралия менен болчу оюн алдында "GIO Canberra" стадионунда машыгуу өткөрүштү. Дүйнө чемпиондугунун тандоо турундагы Австралия-Кыргыз Республикасы беттеши дал ушул стадиондо өтөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлайт.
Кошумчалай кетсек, беттеш 12-ноябрда Бишкек сааты боюнча 15:00дө старт алат. 25 миң күйөрманды батыра ала турган стадион тууралуу маалыматты бул жерден ала аласыз...