Футбол боюнча ардагерлер арасында өлкө чемпиондугу аяктады. 14 команда катышкан мелдеште командалар жалпысынан 26дан оюн өткөрүштү. Жыйынтыгында эң көп упай топтогон (68 упай) канттык "Абдыш-Ата" клубу 10-ирет чемпион аталды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерциясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кийинки байгелүү эки орунду "Наше пиво" (63 упай) жана "Ала-Тоо" (62 упай) клубдары ээлешти.
Кошумчалай кетсек, клубдар арасында өтүүчү адагерлер арасындагы өлкө биринчилиги быйыл 14-ирет уюштурулду.