Александр Крестинин: “Биз Австралияга каршы оюнда болгон күчүбүздү сарптайбыз”

Бүгүн, 12-ноябрда Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары Австралия курамасы менен конокто беттешет. Беттеш алдында улуттук кураманын машыктыруучусу Александр Крестининдин катышуусунда маалымат жыйыны өттү. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Александр Крестинин журналисттер “керектүү футболчулардын” жаракат алып калганы тууралуу суроого төмөнкүчө жооп кайтарды:

– Бизде керектүү жана керексиз оюнчу деген түшүнүк жок. Улуттук курамда бардык оюнчунун өз орду, милдети бар. Бардык оюнчулар башкы курамдын оюнчулары. 16-июнда Бишкекте Австралия курамасы менен оюнда биздин команда өзүн көрсөтө алган. Оюндун айрым учурларында биздин команда мыкты болгон. Бүгүн жакшы оюн болот. Биз өзүбүздү Канберра шаарында да ишенимдүү сезип жатабыз.

Эгер сиздердин команда утулуп калса, Дүйнө чемпиондугуна чыгуу үмүтү үзүлөбү?

– Оюнда эмне болорун көрөбүз. Кайталайм, оюн жогорку деңгээлде болот. Биз бул оюнга бар күчүбүздү сарптайбыз жана күйөрмандарды нааразы кылбайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
bekos2012
2015-11-12 09:43:53
Ийгилик кыргыз футболчуларына! Кайсы каналдан туз эфир корсо болот, ким билет?
0
vabank
2015-11-12 11:21:07
bekos2012, internetten korsonuz bolot...
0
kama_future_millioner
2015-11-12 09:47:14
Ийгилик коштосун ылайым
+2
Dooron
2015-11-12 09:47:21
Ийгилик! Жакшы жыйынтык кутобуз. Супер Инфо оюнду онлайн кабарлап берип турсанар жакшы болмок.
+1
deva
2015-11-12 10:14:22
Жеңип, дүйнө элинин оозун ачыргылачы. Ийгилик, ийгилик, ийгилик! Аллах колдосун! Оомийин.
+3
rios.07
2015-11-12 10:18:54
баарынан да созду так жана чечкиндуу суйлоптур. биздин эби жок суйлогон пр...т чондондорго караганда.
+2
ILYAS181296
2015-11-12 10:21:18
Биз ишенебиз!!! Алга Кыргыз футболчулары... Туз алып беруу Коомдук биринчи каналда болот
+2
BAYAW-KG
2015-11-12 13:25:25
ILYAS181296, саат канчада башталат
0
ulanium90
2015-11-12 10:29:13
Кыргызстан алга!!! Кудайым озу колдосун силерди,Кудай буйруп женишке жетишели оймин!
+2
shailoo2015
2015-11-12 10:34:16
Машыктыруучуга рахмат суйлогон создоруно жооп берет экен и маанилу суйлойт Ийгилик каалайбыз.
+2
asdef
2015-11-12 10:53:02
Женил барып очко менен келгиле
+2
amanatym
2015-11-12 11:32:56
Кудайым жениш менен келишсин биздин Кыргызстан.
0
Zarema94
2015-11-12 12:09:21
Журогум толкунданып, Кудайдан тилеп отурам. Ылайым эле жениш менен келсенер экен...
+4
kumushbek.kuttubekov
2015-11-12 12:51:23
Алга КЫРГЫЗСТАН Алга!
0
BAYAW-KG
2015-11-12 13:23:52
саат канчада башталат экен? ктрк дан береби?
0
Adel2015
2015-11-12 13:26:27
саат 15.00до админ...ктрк алып береби айтып койгулачы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан