SUPER.KG`нин кызматкерлери 15 метр аралыктан ок атуу боюнча мелдеште алдынкы 2 орунду ээлешти

Бүгүн, 12-ноябрда өкмөттүн алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы журналисттерди 7-Ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктап, чакан иш-чара уюштурду. Иш-чара алкагында жергиликтүү бир катар массалык маалымат кызматынын өкүлдөрү сыйланып, аларга ыраазычылык каттары жана грамоталар ыйгарылды.

Ошондой эле журналисттер арасында Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча чакан мелдеш өткөрүлдү. Ага 10дон ашык өкүл катышты. Жобо боюнча бута 15 метр аралыкта коюлуп, катышуучуларга алгач даярдануу иретинде атканга үчтөн ок берилди. Андан кийин дагы үчтөн ок берилип, анын жыйынтыгы эсепке алынды.

Жыйынтыгында SUPER.KG порталынын кызматкерлери ийгиликке жетишишти. Нургазы Аматов 22 упай топтоо менен 1-орунду ээледи. Ал эми Максат Орозумбетов дагы 22 упай топтогону менен, даярдык алкагындагы жыйынтыктары үчүн 2-орунду алды.
Кошумчалай кетсек, мындай мелдештерде 22 упай топтоо жакшы жыйынтык катары бааланат. Мыкты жыйынтык 24 упайдан жогору болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
alooke
2015-11-12 13:45:50
Куттуктайм!!! Бардык жакта биринчисинер силер, ишиңерди көптөгөн ийгиликтер коштоп жүрсүн
+5
Jakusya
2015-11-12 13:54:17
Куттуктайм! Азамат жигиттерибиз бар биздин :)
+3
advert
2015-11-12 13:54:48
оооо куттуктайм. акырында финалда экоонорду атышкыла дебедиби?
0
bosmos777
2015-11-12 13:56:41
Азаматтсынар!!!
+3
Medina87
2015-11-12 14:00:18
ЖАМК неге ушул убакка чейин ушул иш-чараларды уюштурбадыыыы дейм да??? А так, SURER.KG Алгаааааааа!!!!
+2
nur_92
2015-11-12 20:21:02
Medina87, менин оюмча ушулар диплом бирип алдап ишти жаап коюшту.
-1
prenses
2015-11-13 01:23:22
nur_92, ooba daana oshondoi,tuura aittiniz
-1
men_da_kattaldym_xexe
2015-11-12 15:51:51
Баягы Максаттын камерасын алып, уруп салышкандар не болду? Ушулар эмес беле?
+1
AKCHA
2015-11-12 17:51:50
men_da_kattaldym_xexe,
кайсылар? Суронуз тушунуксуз го...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан