Бүгүн, 12-ноябрда кыргыз футболчулары конокто Австралия курамасы менен беттешип, 3:0 эсебинде утулуп калышты. Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун 7-турунда орун алган бул оюнда австралиялыктар 3 упайга ээ болушту. Муну менен кенгуру өлкөсүнүн футболчулары топтогон упайларынын санын 12ге жеткирип, мелдеш жадыбалында дагы да болсо 2-орунду ээлеп келишүүдө.
Кошумчалай кетсек, Австралия жана Кыргыз Республикасынын беттешинде 3:0 эсеби катталды. Оюнду SUPER.KG порталы онлайн режиминде чагылдырды. Жеңиш голдорун Миле Единак, Тим Кэхилл жана Ильдар Амиров (өз дарбазасына) киргизишти.