Футзал боюнча улуттук курама жолдоштук оюнда тажикстандык "Сипар" клубун 8:1 эсебинде утту

Футзал боюнча улуттук курама команда жолдоштук оюнда тажикстандык “Сипар” клубун 8:1 эсебинде утуп алды. Бул оюн футболчуларыбыздын Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдыгынын алкагында өтүүдө.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, анда алгачкы таймда Дилшат Кадыров, Максат Алимов, Руслан Гафуров жана Акпар Данибаев сыяктуу футболчулар айырмаланышты. Экинчи таймдагы голдорду болсо Руслан Гафуров, Улан Байгазы уулу, Дилшат Кадыров жана Саламат Мамбеталиевдер өз эсептерине жазышты.

Кошумчалай кетсек, Худжанд шаарында өтчү тандоо турунда футболчуларыбыз Түркмөнстан, Ооганстан жана Тажикстан командалары менен ойношот. Мелдештин финалдык баскычы 2016-жылы 9-20-февраль аралыгында Ташкент шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ApSaLaM_KaRyBeK_UuLu
2015-11-13 10:41:04
Азаматсынар! Мындан ары да Ийгйлик!
+2
uragan007
2015-11-13 12:42:17
Мына сага жанылык. Азаматсынар. Акырындык менен дуйнонун чемпиону болобуз буйруса
+1
Zarema94
2015-11-13 13:23:19
uragan007, айтканыныз келсин! Кудай ошол кундорго жеткирсин!
+2
Chubak3922
2015-11-13 18:04:01
Жыргал уткула дагы
+1
admin_portal
2015-11-16 15:19:39
RASTAMAN,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан