Мурунку футболчу Эмил Кенжесариев: "Кудай мага жашоо берди, бирок жашоомдон футболду алып койду" (маек толугу менен)

2013-жылы Алматы шаарындагы кол салуудан кийин эсин жоготуп, баш сөөгүнөн оор жаракат алган Эмил Кенжесариев алгачкы жолу казак басылмаларына маек курду. Кезинде анын керебеттен туруп кетерин мындай коюңуз, эсине келеринен шек санагандар көп болгон. Анын "Актөбе" клубунун күйөрмандары менен жолугушканы тууралуу маалымат бүгүн, 13-ноябрда белгилүү болду. Жаңы гана тартылган сүрөттө анын толуп кеткенин байкоого болот. Бул, албетте, анын ооруп жүргөнү менен байланыштуу.

Кошумчалай кетсек, Эмил 2013-жылы августта эсин жоготкон абалда Алматыда табылган. Дарыгерлер анын баш сөөгү сынганын айтып, операция жасашты. Ал учурда дагы да болсо калыптануу мезгилин башынан өткөрүп жатат.

2 жыл аралыгында бир топ өзгөрүүгө туш болуп, кыйналып сүйлөп калган Эмил Кенжесариев менен болгон маекке көңүл буруп коюңуз.

- Учурда эмне менен алексиз? Абалыңыз кандай болуп калды?

- Учурда менде баары жакшы. Бардык кыйын мезгилдер артта калды. Дарыланып жатам. Жакында акырындык менен чуркап баштайм, арыкташым керек. Ичип жаткан дары-дармектерден улам толуп кеттим.

- Актөбеге келгенде кандай абалда болдуңуз?

- Актөбедеги аэропорттон шаарга чуркап жетип, алдыман чыккандардын баарын кучактагым келди. Акыркы 2 жыл аралыгында мени менен учурашууга келгендер көп болду, мага ден соолук тилешти. Бул мага энергия жана ишеним берип жатты. Сөз менен айтып жеткире алгыс сезимдерге туш болдум. Мен жүрөгүмдү ушул шаарга, “Актөбе” клубуна арнап койгом. "Актөбе" - менин экинчи үйүм. Интернеттен клубдун оюндарын карап жаттым, 3-орунду ээлеп калды. Бул “Актөбенин” орду эмес, биздин клуб 1-орунду гана ээлеши керек.

- Актөбе” клубунан сизди кыйын маалда кимдер колдоп турушту?

- Юрий Логвиненко, Самат Смаков, Марат Хайруллин, Улугбек Асанбаев, Пётр Бадло. Жалпысынан клубдун мурунку оюнчулары. Алар мага моралдык жактан жана каржы жагынан жардам беришти. Мен мурунку жылдарымды эстедим. Алар менин жашоомдогу эң мыкты убакыт болгон.

- Сиз клубда №20-катар санындагы футболка менен ойногонсуз. Бул сандын кандайдыр бир сыры барбы?

- Мен “Актөбеге” келгенде 20 жашта болчумун. Ошол себептүү ушул номурдагы футболканы тандап алгам.

- Оор жаракаттан кийинки абалыңыз тууралуу айтып берсеңиз...

- Мен өзүмө келгенден кийин кыйын күндөр башталды. Ал учурда өлүм менен өмүрдүн ортосунда болгом. Керебеттен тура алган жокмун. Дарыгерлер мени өмүр бою керебеттен тура албайсың дешкен. Менин бутума туруп кетериме эч ким ишенген эмес. Кудай мага жашоо берди, бирок футболду жашоомдон алып койду.

Эмил Кенжесариев 1987-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Футболдук карьерасын 15 жашында баштаган. Ага атактуулук “Актөбе” клубунда ойноп жүргөндө келген. 2008-2011-жылдар аралыгында ал клуб үчүн 140 оюн өткөрүп, 25 гол жараткан. Клубдун курамында 4 ирет (2006, 2008, 2009, 2013) өлкө чемпиондугун, 1 ирет (2008-жылы) өлкө кубогун уткан. 2004-жылы "Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу" болуп табылса, 2010-жылы Шериктештик Кубогунда мыкты бомбардир аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bosmos777
2015-11-13 16:54:11
Коро албасттар! Бир жигитти сындырышты. Европага барып ойнопбосунда !!!
+8
bazarkyl
2015-11-13 17:02:05
Мыкты бала кен!
+5
DIMARAT
2015-11-13 17:32:18
жакщы болуп кет бирок кыргызстанды башка олкого алмаштырбыш керек болчу не деген кучтуу футболисттибизди кетирип алдык кетпесен мындай болбойт беле
+3
realliver
2015-11-13 17:35:43
Мыкты оюнчу. Кыргызстанды чанып Казак болуп кеткени окундурот. Бирок анын да себебе бар да, Казакстан менен бирге Германия, Испания ондуу командаларга каршы ойногусу келгендир
+5
Izdeim_seni.
2015-11-13 18:26:33
Кагылайын Кудай,ушу баланы айыктыра кор. Оомийн.
+4
Zarema94
2015-11-13 20:18:03
Ушинтип таланттарыбыз четте жург0ну,андан отуп башка мамлекеттин кызыкчылыгын ойл0г0нд0ру аябай окундурот... Таланттарыбызды бааласак экен...
+3
s5kgbal
2015-11-14 18:22:14
анан кр да эле журо бербейт беле темселебей
0
meky85
2015-11-14 21:43:44
Эн башкысы ден соолугу чын болуп омур узун болсун!Алтын башы аман болсо калганы болот акырындык мн.
0
Ainurluna
2016-01-22 23:17:19
Эмил башка клубдарга эл катары ойноп, озунун мекенин 1-орунга коюш керек эле..Бул интерьвюларында да журогу накта эле казак деп калыптыр...Эмгиче оз мекенинде номер биринчи фудболчу болуп, данкы чыкмак...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан