17-ноябрда Бишкекте кыргыз футболчулары Иордания курамасына каршы беттеш өткөрүшөт. Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда орун алчу бул беттешти Түркмөнстан жана Өзбекстандын калыстары тейлешет.
КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, анда башкы калыстык милдетти түркмөнстандык Курбанов Чарымурат аркалайт. Капталдарда ага Сапармаммет Гурбанов (Түркмөнстан) менен Андрей Цапенко (Өзбекстан) жардамдашат.