Кыргыз футболчулары Иордания менен болчу беттешке кам көрүшүүдө

Эртең, 17-ноябрда футбол боюнча улуттук курама командабыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Иордания курамасы менен беттешет. Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алчу беттешке кыргыз футболчулары кызуу даярдык көрүшүүдө.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, Австралиядан 14-ноябрь күнү келген футболчуларыбыз дароо эле кийинки беттешке даярдык көрүп жатышат. Командага өткөн оюнда жардам бере албаган Антон Землянухин, Мирлан Мурзаев сыяктуу футболчулар да кошулушту. Австралия менен болгон оюнда жеңил жаракат алган Бактияр Дүйшөбеков жана Иван Филатов алгач өзүнчө топто машыгышты.

Кошумчалай кетсек, кыргыз футболчуларынын Иорданияга каршы беттешин түркмөнстандык калыс Чарымурат Курбанов тейлейт. Беттешке 19:30да старт берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kama_future_millioner
2015-11-16 11:07:30
Биздикилерге ийгилик жакшы оюн көрсөтөсүңөр деген үмүттөбүз
+2
bazarkyl
2015-11-16 13:19:09
kama_future_millioner, үмүт чоң бирок, Австралия менен болгон беттешти көрдүм, биздин футболчулар чарчап калышты. Биздикилерге жакшы тренировка керек экен.
0
Azim.00kg
2015-11-16 11:25:36
ийгилик мен да кызыгам. Алга Кыргызстан. Эртен женесинер деген ишеничтебиз.
+1
uragan007
2015-11-16 12:12:44
Ийгилик туугандарым
0
Nuranna_93_kg
2015-11-16 12:48:54
Землянухин,Мурзаевдер кошулганы жакшы болуптур.Австралияга эмне учун барбай калгандары кызык болуп жатат мага.Ийгилик мекендештер.
+1
BAYAW-KG
2015-11-16 13:11:58
фудболго болгон дух ту которгонунуздорго ырахмат. кызыгукчулар кобойуа колдоочулар мыкты колдоп берсин. жениш бизге жакын буюрса.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан