Футзал боюнча улуттук курам Азия чемпиондугунун тандоо турунда Түркмөнстан менен тең эсепте ойноду

Тажикстандын Худжанд шаарында футзал боюнча 2016-жылы өтчү Азия чемпиондугунун тандоо туру өтүп жатат. Бул шаарда Кыргыз Республикасы, Түркмөнстан, Ооганстан жана Тажикстан курамалары өз ара ойноп, тайпада алдынкы 2 орунду ээлеген командалар Азия чемпиондугуна чыкмакчы.

КРнын Футбол федерациясы кабарлагандай, 14-ноябрда орун алган алгачкы беттеште кыргыз футболчулары Түркмөнстан менен беттешип, 1:1 эсебиндеги тең чыгуу катталды. 10-мүнөттө атаандаштардан Мурат Аннаев эсепти ачса, кыргыз футболчуларынан Эркин Табалдиев 20-мүнөттө эсепти теңеди. Жыйынтыгында эки команда тең бирден упайга ээ болду.

1-турда Тажикстан - Ооганстан курамаларынын ортосундагы оюнда 6:5 эсеби катталып, тажик футболчулары жеңишке жетишишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2015-11-16 17:23:34
B.B.Sadykov,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан