Эртең, 17-ноябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары Иордания курамасын кабыл алышат. Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда өтүп жаткан оюнга кыргыз футболчулары ак, иорданиялыктар кызыл түстөгү форма кийип чыгышат. Маалыматка ылайык, дарбазачыбыз сары түстөгү форма кийсе, атаандаштардын дарбазачысы боз өңдөгү форма киет. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлады.
Кошумчалай кетсек, кыргыз футболчуларынын Иорданияга каршы беттешин түркмөнстандык калыс Чарымурат Курбанов тейлейт. Беттешке 19:30да старт берилет.