Кыргыз футболчулары Худжанд шаарында (Тажикстан) Азия чемпиондугунун тандоо турунда экинчи беттешин өткөрүштү. Анда курамабыз Ооганстан менен кез келип, 2:2 эсебинде тең ойноду. Кыргыз футболчуларынан голдорду Максат Алимов жана Эмил Канетов киргизди.
КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, беттеш эрте башталып, кыргыз футболчулары 1:0 эсебинде утуп жатканда оюн токтотулган. Себеби оюн өтүп жаткан жайдын чатырынан суу тамып, оюн 5 саатка жылдырылган. 5 сааттан кийинки оюнда ооганстандыктар эсепти теңешти. Кыргыз футболчулары кайрадан эсеп катыштыгында алдыга чыгышканы менен, оюндун акырында ооганстандыктар кайра эсепке теңчилик алып келишти. Беттеш жыйынтыгы 2:2, командалар бирден упайга ээ болушту.
2-турда үй ээси Тажикстан курамасы Түркмөнстан менен кез келип, анда 3:3 эсеби катталды. 3-тур башталар алдында бардык командалар Азия чемпиондугуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн сактап турушат. Азия чемпиондугуна алдынкы 2 орунду ээлеген командалар чыкмакчы.
Орун |
Команда |
Оюн |
Упай |
1 |
Тажикстан |
2 |
4 |
2 |
Түркмөнстан |
2 |
2 |
3 |
Кыргыз Республикасы |
2 |
2 |
4 |
Ооганстан |
2 |
1 |